• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жайыл районунда мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасынын эки филиалы ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасынын эки филиалы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик дарыкананын филиалдары ҮМБнын ("Кызыл" поликлиникасы) имаратында жана Жайыл районунун аймактык ооруканасынын аймагында жайгашат.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жайыл районунун акими Т. Туркбаев, акимдин орун басары Рыскулбек уулу Нурмат, Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Назарбек уулу Алмаз, ҮМБнын башчысы А.Кожобекова, аймактык оорукананын директору Б.Майканаев жана башкалар катышты.

Министр өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, жалпысынан өлкө боюнча 49 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда, аларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча мамлекеттик “Эл Аман” дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.

"Көптөгөн лицензиясы жок башка жеке дарыканалар дары-дармектерди кымбат баада сатып, дарылардын жарактуулук мөөнөтүн сакташпайт, ал өз кезегинде адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, эч кандай пайдасы жок. Дарыканалар – коррупциялык схемалар менен күрөшүүнүн жолдорунун бири. Биз рейддерди жүргүзүп жатабыз, анын жыйынтыгында тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан дарыканаларды аныктадык”, - деп билдирди саламаттык сактоо министри.


Расмий статистика боюнча Кара-Балта шаарында 52 миң 933 адам, Жайыл районунда 100 миңден ашуун адам жашайт. Кара-Балта шаарында Жайыл районунун ҮМБ ("Кызыл" поликлиникасы), №2 ҮДТ жана Жайыл районунун аймактык ооруканасы иштейт.

Жалпысынан шаар боюнча ар кандай профилдеги 40тан ашык саламаттыкты сактоо мекемелери бар.

Пикир

Оставить комментарий