• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери №1 тергөө абагындагы кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери бүгүн, 20-сентябрда Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү.

Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кысымга кабылып жатканы тууралуу жазган каты социалдык тармактарга таркаган.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, мониторинг учурунда кызматкерлер тергөө абагында кармалып турган Жоомарт Карабаевден кабар алышты.

Карабаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, укуктук жардам берүүнү суранды. Анын айтымында, тергөө учурунда ага күч колдонулган.

Эки жарым айдан бери камакта жаткан Карабаев №1 тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанган эмес. Аны менен чогуу 7 киши кармалып турат.

Белгиленгендей, Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн кайрылды.

“Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга жана алардын ишин тыкыр иликтөөгө чакырат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий