• 87
  • 90.41
  • 0.84

Акыйкатчы КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынына катышты.

Акыйкат институтунан билдиришкендей, жыйында Жамиля Жаманбаева Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын Акыйкатчы институттарынын сунуштарын комиссиянын кароосуна киргизди. Сунушталган материалдарда Акыйкатчы институттары ар бири өз өлкөсүнүн миграциялык мыйзамдарынын анализин көрсөтүшкөн.

Жаңы кырдаалдарды эске алуу менен мигранттардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында, Кыргызстандын Акыйкатчы институту да аналитикалык баяндама даярдады. Отурумдун жыйынтыгында КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясы бардык сунуштарды кабыл алды.

Маалыматта белгиленгендей, Жаманбаева 24-июнда Санкт-Петербургда мигранттардын укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аналитикалык жыйнагын сунуштаган. Жыйындын жүрүшүндө, буга чейинки жана азыркы эки аналитикалык документти айкалыштыруу чечими кабыл алынды.

“Бүгүнкү күндө, мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Мына ушундан улам, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Россиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын укуктарынын сакталышы жаатында бириктирилген эки аналитикалык документ андан ары чечим кабыл алуу үчүн мамлекет башчыга жөнөтүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле, акыйкатчы Москвада өткөн Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын жыйынына да катышты. Конференцияга 59 мамлекеттин акыйкатчылары, окумуштуулар жана эксперттер келишти.

Муну менен катар Жаманбаева Татьяна Москалькова менен Кыргызстандын жарандарынын Россиядагы жана Россиянын жарандарынын Кыргызстандагы укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, ал Москвадагы Кыргызстандын элчилигине да барып, Кубанычбек Бөкөнтаев менен эмгек мигранттарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо Кыргызстан менен Россиянын Акыйкатчы институттары менен элчиликтин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий