• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Салык кызматы РФдан кайтарымсыз техникалык жардамдын биринчи партиясын алды

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы Россия менен Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосундагы КР салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун алкагында жабдуулардын биринчи партиясын алды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, макулдашууга ылайык Салык кызматына маалыматтык база сервери, фискалдык маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу, аналитикалык система жана тиркемелердин сервери өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле жакынкы арада эсеп-кысап инфраструктурасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууларды, ошондой эле ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун жүргүзүү үчүн контролдук-кассалык машиналардын үлгүлөрүн жеткирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий