• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Акыйкатчы Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу кабар алууга аракет кылат

Коом 0

Бишкек, 03.02.18. /Кабар/. Акыйкатчы Токон Мамытов туугандары Кытайда турган кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кытайдагы дайыны чыкпай жаткан жана “тарбия берүүчү” лагерлерде жүргөн туугандарынан кабар алып, эмнеге кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүшкөн.

Кайрылгандардын маалыматы боюнча, учурда алардын туугандарынын кээ бири эмгек лагери деп аталган жерде болсо, айрымдары тергөөдө абагында, дагы бири сотунун чечими менен соттолуп, жазасын өтөөдө.

Мамытов билдиргендей, тийиштүү арыз келип түшкөндөн кийин эл аралык нормалардын алкагында, Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу келишимдердин негизинде чаралар көрүлөт.

“Биринчиден, Кытай бийлигине расмий кат жиберип, этникалык кыргыздардын айланасында болуп жаткан кырдаал тууралуу маалымат берүүнү суранабыз”, - деди акыйкатчы.

Пикир

Оставить комментарий