• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

“Бишкек-Ташкент-Бишкек” аба каттамы 2017-жылдын 23-декабрында калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 22.12.17. /Кабар/. 2017-жылдын 23-декабрынан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын борбор шаарлары Бишкек жана Ташкенттин ортосундагы аба каттамдары калыбына келтирилет. Бул тууралуу КР жол жана транспорт министрлиги билдирди.

Бишкек-Ташкент-Бишкек аба каттамы туруктуу негизде, жумасына 2 жолу жүргүзүлөт. Мындан тышкары 2018-жылдын башында Ош-Ташкент-Ош аба каттамын иштетип баштоо мерчемделүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аба каттамдарын кайра ачуу тууралуу макулдашууга КР президенти Сооронбай Жээнбековдун 13-14-декабрдагы Ташкентке сапарынын алкагында жетишилген.

Пикир

Оставить комментарий