• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акыйкатчы Сирия жана Ирактан келген аялдар менен балдарды социалдаштырууга колдоо көрсөтүүнү суранды

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдарды буга чейин Ирак менен Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардан кайтарылып келинген балдарды жана аялдарды (КР жарандары) социалдаштыруу боюнча маселелерде биргелешип иштөөгө чакырды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга чейин Акыйкатчы институту "UNICEF Kyrgyzstan`дын" колдоосу менен Ирактагы жана Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактардан кайтып келген балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзгөн.

"Негизинен мониторингде балдардын билим алууга, социалдык жана медициналык камсыздоого карата мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу, ошондой эле коомдогу социалдашуусуна көңүл бурулган", - деп айтылат маалыматта.

Согуш аймактарынын репатриация болгондон кийин балдар менен аялдарга тынч коомдо социалдык адаптанцияланышы үчүн колдоо зарыл эле.

Ошентип, Акыйкатчы институту Ирак менен Сириядан кайтып келген КРнын жарандарына зарыл болгон көмөктү көрсөтүү боюнча өз ара аракеттенишүү механизмдерин талкуулаш үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө аянтча түзүп берген.

Анда Атыр Абдрахматова балдардын жана аялдардын эркиндик, билим алуу жана медицина боюнча укуктарынын сакталышынын маанилүү экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий