• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэри Анатолий Карпов менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Шаардык мэриянын имаратында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шахмат боюнча дүйнөнүн 12-чемпиону, советтик жана россиялык шахматчы, эл аралык гроссмейстер, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Анатолий Карпов менен жолугушту. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анатолий Карпов Бишкекке 25-мартта КР шахмат Федерациясынын чакыруусу менен Президенттин Кубогунун салттуу турниринин жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанатына ардактуу мейман катары катышууга келди. Сапардын максаты – КРда шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу.


Ошондой эле, жолугушууга Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, КР шахмат Федерациясынын президенти Милан Турпанов жана федерациянын өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий