• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Башкы прокуратура Президент Алмазбек Атамбаевдин банк эсептери тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 27-февраль /Кабар/. КР Башкы прокуратурасы Президент Алмазбек Атамбаевдин банк эсептери тууралуу айтып берди.

КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы убактарда ЖК депутаты Ө.Текебаев ЖМКлар аркылуу Президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жубайынын ири акча каражаты 2011-жылы капысынан пайда болгондугу жана аны эч ким түшүндүрө албай жаткандыгы тууралуу малымат тараткан.

Мындан тышкары, Ө.Текебаев Президент Алмазбек Атамбаевдин Кипрдеги оффшордук аймакта мүлкү бар деп да айтууда.

“Эгерде Ө.Текебаев айткан фактыларын үстүртөн болсо да текшергенде, минтип жалган маалыматты таратпас эле. КР Президентинин кадыр-баркына көлөкө түшүрүүгө аракет кылган мындай билдирүүлөр “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” КР Мыйзамына ылайык КР Башкы прокуратурасынын көңүлүнөн сырт калган жок”,-деп айтылат билдирүүдө.

КР Башкы прокуратурасынын текшерүүсүндө «Демир Кыргыз Интернешнл Банк» ЖЧКсынын жана “Толубай” АКБ ЖЧКсынын маалыматтарына ылайык, А.Атамбаев жана анын үй-бүлөсү Атамбаев КР Президенттик кызматына келгенге чейин 1 млн 700 миң АКШ доллары суммасында банк эсептерин ачышканы аныкталды.

“Ушуга ылайык Алмазбек Атамбаев киреше алуу үчүн жеткиликтүү акча каражатына ээ. Ал эми Ө.Текебаев ушул күнгө чейин Прокуратура органдарынын талаптарына карабастан А.Атамбаевдин Кипр оффшордук аймактагы мүлктөрү тууралуу эч кандай маалымат бербей келүүдө”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий