Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Нарын облусунун эли менен жолугушту.
Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, жолугушууга 200дөн ашуун тургун жана облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Анда жарандар билим алууда, жер маселесинде, медицина жаатында укуктары бузулганын айтып арызданышты.
Нарын облусунун тургуну ата-энесинен калган жер үлүшүн башка бирөөлөр талашып жатканын айтып, акыйкатчыдан жардам сурады.
“Ата-энемден мага калган жер үлүштү соттун чечими менен тартып алууга аракет кылып жатышат. Менин ата-энем каза болуп калган. Жакында эле бейтааныш адамдар пайда болуп, мураска калган жер үлүш аларга таандык экенин айтып, күмөндүү тил катты көрсөтүп жатышат. Соттор да эмнегедир алардын пайдасына, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууда”, - деп ыйлады аял. Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдардан аялдын укугун коргоону талап кылды.
Мындан тышкары, ал эмгек укуктарынын бузулуп жатканын айткан жергиликтүү тургундарга мамлекеттик органдардын жетекчилеринен калктын көйгөйлөрүн жеринен чечүүнү белгиледи. Ошону менен катары эле, пенсия алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп кайрылган жаранга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеринен кеңеш берди.
Жолугушуудан кийин, акыйкатчы күйөөсү тарабынан бычакталган келинден кабар алды. Ал учурда балдары менен коопсуз жерде жашап жаттканын айтты. Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, 31-августта Нарында ашпозчу болуп иштеген аялга күйөөсү бир нече жолу бычак сайган. Окуядан соң кылмыш иши козголуп, шектүүнү милиция кармаган.
“Мага учурунда тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Мындай коркунучтуу окуядан кийин, өзүмө келүүгө жеке кризисттик борбордун психологдору жардам беришүүдө. Башында бир гана мага эмес, менин бардык жакындарыма да абдан оор болду. Өзгөчө балдарыма кыйын болду. Алардан ар ким атасы жана мен тууралуу сурай беришти. Азыр бир аз жакшы. Акырындан өзүмө келип, кайрадан балдарым үчүн жашашым керек экенине ынандым. Учурда сот жүрүп жатат”, - деди аял.
Акыйкатчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында, мамлекеттик органдарга аялдардын жана балдардын укуктарын сактоону камсыздоого чакырган расмий кат жолдогону белгилүү болду.
Пикир
Оставить комментарий