• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын жарымы аткарылды. Биз 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда билдирди.

“Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек. 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жеткен ИДПга жетүү негизги максат болот. Ал үчүн ИДПнын жылдык номиналдык өсүшүн 10-12%деңгээлинде кармап туруу зарыл. Дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Кыргызстан жан башына ИДП көрсөткүчү боюнча ишенимдүү түрдө көтөрүлүп, 2030-жылга чейин кирешеси ортодон жогору өлкөлөрдүн катарына кирип, азыркы кирешеси ортодон төмөн өлкөнүн абалынан чыгышы мүмкүн. Өнүгүү программасы ушул сандарды эске алуу менен түзүлөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий