• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров: Акыркы 2,5 жылдын ичинде 200гө жакын мектеп ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 2,5 жылдын ичинде 200гө жакын мектеп ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Суу районунун Зарбалик айылындагы мектептин ачылышында билдирди.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кара-Суу районунда 13 авариялык мектеп бар болгондугун айтты.

"Анын бирин бүгүн ачып жатабыз, дагы 3 мектептин курулушу бүттү, жакында ачылат", - деп, мектептин ар бир ачылышы кубанычтуу окуя экендигин баса белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле өткөн жылы Кара-Суу районунда 22 мектепте жана 8 бала бакчада курулуш иштери жүргүзүлгөнүн, 14 жаңы социалдык объектилер ачылганын белгиледи..

Октябрь, Ак-Терек, Керме-Тоо, Жапалак, Таш-Арык айылдарында мектептер ачылган. Дагы 2 мектеп ачууга даяр. Кара-Суу районунун курулуш тармагына жалпысынан 1 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий