• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жумгал районунун тургундарына гуманитардык жардам таратылды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Нарын облусундагы Жумгал районунун тургундарына гуманитардык жардам таратылды.

Парламенттен билдиришкендей, жардам берүү Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин демилгеси менен ишке ашты.

Алсак, эл өкүлүнүн демилгесин “Альбир” аймактык коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Али Айоуб жана меценат Башар Ал-Жамал колдоого алып, Жумгал районуна караштуу Баш-Кууганды айылындагы мектеп окуучуларына жылуу сырт кийимдер белек кылынды.

Ошондой эле Таш-Дөбө айылынын тургундарына жылуу жууркандар, Түгөл-Сай айылындагы 100 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр берилди.

Андан тышкары, Табылгыты айылында жашаган 100 үй-бүлөгө азык-түлүктөр тапшырылды.

Жергиликтүү эл демилге көтөргөн депутатка жана демөөрчүлүк кылган өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий