• 87
  • 91.29
  • 0.84

Акылбек Жапаров бүгүн ооруканага түштү, абалы канааттандырарлык

Өкмөт 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

Учурда министрлер кабинетинин башчысынын ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык.

Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий