• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жайыл райондук милициясынын жетекчилиги бир катар айылдардын тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 26-27-апрелинде Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги райондун Красновосток, Степной, Жайыл жана Ак-Башат айылдарынын тургундары менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБнин башчысы Чыңгыз Керимкулов Жайыл райондук акимчиликтин өкүлдөрү менен биргеликте, аталган айылдардын айыл өкмөт башчылары, аймактык комиссиянын өкүлдөрү, ошондой жергиликтүү айыл тургундары менен жолукту.

Жолугушууда Ч.Керимкулов милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти камсыздоо боюнча аткарылган иштерди, жер-жерлерде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтарды берип, өлкө башчысынын “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы боюнча да түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошол эле учурда милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан профилактикалык, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат баракчалары таратылды. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо максатында жарандарга, жашы жете электерге да профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жолугушууларда көптөгөн социалдык жана башка маселелер көтөрүлүп, алар өз кезегинде Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана район акимчилигинин өкүлдөрү тарабынан көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Эл менен болгон мындай жолугушуулар жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатындагы түшүндүрүү иштери Чүй облусунун бардык аймагында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий