• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жамалдинов Ош облусунун айыл чарба тармагынын жетекчилерин кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облустун айыл чарба тармагынын жетекчилерин кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда айыл чарба тармагында аткарылып жаткан жумуштар, алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришти. Зиядин Жамалдинов айыл чарбаны өнүктүрүү үчун дыйкан фермерлерге шарт түзүү керектигин айтты.

“Ош облусунда бош жактан жерлер бар, суу бассейн чарбасы долбоорлорду даярдаңыз. Биз иштебей турган жерлерге суу тартып, жок дегенде 3000 гектар аянтты өздөштүрүшүбүз керек”, - деди облус башчысы.

Президенттин Оштогу өкүлү органикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү күчөтүү керектигин белгиледи.

“Европада рыногунда айыл чарба продукцияларын экиге бөлүшөт, химиялык жана органикалык жер семирткич колдонулган деп. Анан экинчисине суроо талап да көп, баасы да кымбат. Келечекте биз да Европа рыногуна чыгышыбыз керек. Ал үчүн органикалык жер семиткичтерди өндүрүүнү күчөтөлү. Мен тараптан жардам керек болсо даярдмын”, - деди Зиядин Жамалдинов.

Мындан сырткары, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысына жаңы каналдарды казуу боюнча долбоорлорду даярдоо, ал эми облустун башкы экологуна таштанды полигонун ирээтке келтирүү, кен казган ишканалардын экологияга зыян келтирбөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий