• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаардык спорт комитети бөбөктөргө майрам тартуулашты

Аймак 0

Бишкек, 02.01.19. /Кабар/. 31-декабрда шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев баштаган кызматкерлер шаардагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирлиген борборунун тарбиялануучуларын жаңы жылы менен куттукташты.

Аталган борбордо 20 ата-энеси жок бөбөктөр тарбияланат. Эң улуусу 4 жашта.

К.Саркарбаев бөбөктөрдү жаңы жыл майрамдары менен куттуктап белектерди тапшырды.

“Жаңы жыл майрамын көбүнчө жаш бөбөктөр күтүшөт. Ошондуктан бир аз болсо да майрамдык маанай тартуулап, көңүлдөрүн көтөрөлү дедик. Балдарга тарбия берип жаткан эжейлерге, тарбиячыларга ыраазычылык билдирем. Мындан ары да жардамдарды берип турабыз”, - деди К.Саркарбаев.

Бөбөктөргө керектүү буюмдарды, таттууларды, оюнчуктарды берип, оюн-зоок программа көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий