• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Акылбек Жапаров: Барпы Алыкуловдун махабат жөнүндөгү ырлары угармандардын жүрөгүн козгоп, шыктандырып келет

Өкмөт 0

Бишкек, 22.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыздын белгилүү акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал өз сөзүндө бул күндү “адабият менен маданияттын майрамы” катары белгиледи.

“Коомдогу уникалдуу баалуулуктарды калыптандыруу, өнүктүрүү жана сактоо — бул маданият. Демек, искусство эч качан өлбөйт, таланттуу адамдар элдин эсинде түбөлүк жашайт. Биз бул жерге Барпы Алыкуловдун жаркын элесине таазим кылуу жана муундар ортосундагы руханий байланышты улантуу үчүн чогулдук. Президент Садыр Жапаровдун жана жалпы министрлер кабинетинин атынан бардыгыңыздарды бул маанилүү дата менен куттуктайм”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле XIX кылымдын аягы XX кылымдын башы кыргыз поэзиясынын алтын доору болгонун, бул доордо Барпы Алыкулов өзгөчө орунду ээлегенин кошумчалады.

“Анын махабат жөнүндөгү ырлары угармандардын жүрөгүн козгоп, шыктандырып келет. Бул майрам келечек муундарды жаңы шедеврлерди жаратууга жана маданий мурастарды сактоого шыктандырат деп ишенебиз”, — деди Акылбек Жапаров.

Андан ары жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Барпы айыл аймагынын Курук-Сай айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары, облустук мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу, ошондой эле Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы окуу жана административдик имараттарынын абалы менен таанышты.

Сапардын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы “Кыргыз Петролеум Компани” жаңы заводунун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий