• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Абылгазиев: Зергердик өнөр жай экономиканын жогорку кирешелүү тармагы болууга тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Алтын» зергердик заводунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин зергердик тармакты өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйынын өткөрдү.

Өкмөт башчы заводду кыдыруу учурунда технологиялык процесс менен таанышып, чынжыр токуучу, механикалык жана куюучу жабдууларды көрүп чыкты.

Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин зергердик тармактын бизнес-ассоциация өкүлдөрүнүн катышуусундагы көчмө жыйынында атамекендик зергердик продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, жакында 2019-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын зергердик тармагын өнүктүрүүнүн Концепциясы бекитилди, анын алкагында бул чөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар каралган.

Белгиленгендей, зергерлерди сырье менен камсыздоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Эми зергерлер кум түрүндөгү алтынды чайкоочулар менен түз иштешүү мүмкүндүгүнө ээ.

Өз кезегинде бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сыноодон, анализден жана мамлекеттик асыл металлдын пробаларын ажыратуучу белги менен тамга салуудан бошотуу маселесин көтөрүштү.

Өкмөт башчы маалымдагандай, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында асыл металлдын пробаларын ажыратуучу белгилерди өз ара таануу маселеси иштелип жатат. Бул зер буюмдарын интеграциялык биримдиктин аймагында эркин айлантууну камсыздап, өз ара соодада тоскоолдуктарды жоёт.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин зергердик буюмдар рыногунун потенциалын ишке ашыруу боюнча кийинки кадамы евразия зергердик брендин түзүү болуп калат, бул зер буюмдарын сатуу рыногун кеңейтет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, мамлекет атамекендик зергердик өнөр жайды колдоо механизмдерин натыйжалуу иштеп чыгууга тийиш.

«Атамекендик зергерлер жогорку сапаттуу зер буюмдарын өндүрүүнү жолго сала алышты, алар тышкы рынокто ийгиликтүү атаандаш болуп жатышат. Биздин зергердик өнөр жай кыргыздын зергердик искусствосунун мыкты салттарын жана инновациялык алдынкы технологияларды өзүнө камтыйт. Мамлекет бизнес-ассоциялардын өкүлдөрү менен биргеликте зергердик өндүрүштү колдоонун таасирдүү чараларын, жаңы жумуш орундары кайда ачылат иштеп чыгуусу керек, ал эми биздин компаниялар – тышкы рынокту ийгиликтүү өздөштүрүү менен мамлекеттин экспорттук потенциалын бекемдөөгө тийиш», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий