Бишкекте билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча форум болуп өттү. Анын ишине катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагын реформалоонун беш багытын белгилеп, ар бирине өзүнчө токтолду.
Министрлер кабинетинин башчысынын форумда сүйлөгөн сөзүн толугу менен беребиз:
"Саламатсыздарбы урматтуу форумдун катышуучулары!
Урматтуу өнөктөштөр! Урматтуу окумуштуулар, мугалимдер, жана билим берүүгө кайдыгер эмес жарандар!
Биз бул форумга жаңы дайындалган билим берүү министри Каныбек Капашовичтин суранычы боюнча келип отурабыз. Биздин өлкөдөгү билим берүүнүн сапаты, абалы, мүмкүнчүлүктөрүбүз, келечеги кандай экенин, ошондой эле илим боюнча бир топ боштуктарыбызды өзүңүздөр абдан жакшы билесиздер. “Советтер Союзунда жакшы окуткан” деген сөз бекер айтылбаса керек.
Президентибиз Садыр Нургожоевич Каныбек Капашовичти министрликке дайындап жатканда ага бир гана тапшырма берген: мамлекетибиздин келечегин баса турган, “баарынан ашып бараткан альфа поколение муунга кандай билим, тарбия беребиз? Жаңы концепция, жаңы стратегия алып келиңиз деп. Каныбек Капашович 1 айда даяр кылам деп сөз берген.
1 айда көп жерди кыдырганга аракет кылды, өзүнө коомдук кеңешчилерди алды, концепциянын долбоорун иштеп чыкты. Демек, болгон аракетин жасап жатат деп ишенем. Бүгүнкү форумду Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча жаңы концепциянын долбоорунун биринчи талкуусу деп ойлойм. Бул долбоор дагы талкууланат жана талкууланышы керек. Аягында президентке кол коюуга барат.
Президенттин эң биринчи Жарлыгы инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясына арналган. Былтыр 4-апрелде филармонияда: “Балдарыбыздын ден соолугу чың, эң жогорку деңгээлдеги билимге жана көндүмгө ээ болуп, глобалдык коомдогу башка куракташтары менен тең ата атаандашууга жетишип, 21-кылымдын орто ченинде өздөрүн өтө ишенимдүү сезиши керек” деген.
Баары каражатка барып такаларын билебиз. Президенттин бизге берген бул тапшырмасын аткарып жатабыз. Былтыр эл аралык уюмдардын Кыргызстанга берген терс прогноздоруна карабастан макроэкономикада, бюджетте чоң жетишкендиктер болду, быйыл да сакталып жатат. Ички дүң продукциябыз 1 трлнго жакындады, эки жылда 317,6 млрд сомго же 1,5 эсеге өстү. 6-7%да туруктуу өсүштү кармап жатабыз. Консолидацияланган бюджетибиз 438,1 млрд сомго жетти, номиналдык өсүшү 190,6 млрд сомго, же 177%ды түздү. 30 жыл ичинде мындай секириктер болгон эмес. Салык кызматы былтыр 154,6 млрд сом, тапты, эки жылда 260%га өсүшкө жетти. Бажы кызматы былтыр 74,3 млрд сом жыйнады, эки жылда өсүш 260%га жетти, быйыл бажы кызматы 1-кварталда 20,7 млрд сомду чогултту. Бул сумманы мурда бир жылдап араң чогултушчу.
Биз бул табылган каражаттарды толугу менен элге жумшадык. Айлыктарды 50%дан 200%га чейин жогорулаттык, айыл чарбасына, коргонууга, техникаларга жумшадык, ири курулуштарга кириштик. Булардын ичинен билим берүүгө 84 млрд сомго чейин жумшалып жатат: 60 млрд сом – Билим берүү министрлигинин бекитилген бюджети, анын ичинде айлыктары да отурат; курулуштарга болжолдуу – 6 млрд сом, 12 млрд – кредит-гранттар.
2021-жылы билим берүүгө 34,5 млрд сом каралган болсо, быйыл Билим берүү министрлигинин бюджети 61 млрд сомго бекитилди, 2,5 эсеге көп бөлүп жатабыз.
Биз балдарыбыз үчүн эч нерсени аябайбыз. Бирок биз кечээки жана бүгүнкү билимге окутуп жатабыз.
“Бала уядан эмнени көрсө, ошону алат” дейт. Концепцияда үй-бүлө институту да унутта калбоого тийиш. Бала ата-энеси менен чогуу жашашы керек, баланы ата-эне менен бирге тарбиялайбыз. Дүйнө жүзү катуу өзгөрүп жатат. Мезгил бизден – балдарыбызды эртеңки билимдерге окутуп, эртеңки жашоосуна даяр кылуубузду талап кылып жатат. Балага жаңы билимдерге жетүүсүнө түрткү берүүбүз керек. 11-12 жыл мектепти окуп бүткөндө бала бир көндүмгө ээ болуп чыгып, 110 баллга жетпей калса да, үй-бүлөсүн багып, турмуштун агымына кирип кеткендей болушу керек.
Ал үчүн башталгыч кесиптик билим берүү түп-тамырынан өзгөртүү зарылдыгы бар. Мисалы, Америкада 18 айда баланы бир навыкка же бизче айтканда бир кесипке ээ кылууга милдеттүү жана навыкка ээ болгондон кийин бир жерде сөзсүз түрдө иштеп калуусуна кепилдик беришет. Бизде жогорку окуу жайлар да контракт чогултканды эле билишет, ал эми баланын андан кийин тагдыры менен эч кимдин иши жок. Демек, окуткан билимибиз балага кепилдик берген навык бериши керек.
Урматтуу форумдун катышуучулары!
Дүйнөлүк банк китепке конкурс жарыялап, “өзүңөр жазгыла” дейт. Мен айтат элем: биз аны башыбыздан өткөрдүк, китептер, программалар сапатсыз, балага кызыксыз, башкысы – натыйжа жок. Мындан ары андай болбойт! Дүйнөдө эң мыкты программалардан алуу керек. Жакшы натыйжаларды берген, колдон түшкүс болгон мыкты китептерди бизге котортуп, колдонууга коркпой киргизүү керек. Донорлор бизге дал ушундай сунуштарды бериңиздер. 11 жыл окуса да, балдарыбыз англисче сүйлөй албаган программалардын, же окуу китептердин бизге не кереги бар. Бүгүнкү форумга ушунчалык көп донорлор отургандан кийин, биз Кембридж университетинин программаларын сатып алууга даяр экендигибизди билдирем.
Авариялык абалда 248 мектеп окуганга жарабай турган мектептердин курулуштарын 2-3 жылда бүтүрөбүз. Мугалимдер үчүн бардык шарттар түзүлөт. Аларды кайра даярдоодон өткөрөбүз.
Туура, Концепцияда бала бакча, мектептик билим, баштапкы кесиптик билим, жогорку билим, илим баскычтары болушу керек. Бирок Концепция бала бакчадан эмес эмес, ошол баланы тарбиялай турган мугалимден башталышы керек – квалификацияга даярдоо жана кайра даярдоонун программасынан башталууга тийиш.
Ч.Айтматов айткандай, “Таланттуу мугалим менен таланттуу балдардын кездешкен жери – мектеп” болушу керек. 30 жылда биз таланттуу мугалимдерди жоготуп алдык. Анын айынан:
1) 2009-жылы бери PISAдан качып жүрөбүз! Билим берүү министрлиги келечекке кооптуулук жаратуучу – сигнал катары кабыл алган жок, эч кандай тыянактар жасалган жок жана бул дайыма болу келендей, толук аракетсиздик менен аяктады!
2) Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ОРТ) жыйынтыктары боюнча айтсак, 110 балл босого чектен өтө албаган “безнадежные двоечниктерибиз” көбөйдү. 2022-жылы тестке катышкан балдардын ичинен 57%ы, башкача айтканда жарымынан көбү – 110 баллга жетпей калган.
3) башкысы, кайра да айтам – биз таланттуу мугалимдерибизди жоготтук.
30 жылда премьер-министрди, 5 президентти алмаштырып, айрымдарын качырып, балдарыбыздын эртеңки келечегин уурдап алдык! Анткени лидерлердин баары жеке кызыкчылыкты көздөгөн – саясий реформа менен гана алек болуп калды. Бул биздин эң чоң катабыз! Экономика дагы, билим берүү, маданиятыбыз дагы – баары каралбай калды. Советтер Союзунан калган базабызды, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн баарын түгөттүк!
Урматтуу форумдун катышуучулары!
Антуан де Сент Экзюперинин бир жакшы сөзү бар: “пикирлеш адамдар – бир үстөлдө бири-бирин карап отурган адамдар эмес, баары бир багытка караган адамдар”. Бүгүн билим берүүгө эскиче эмес, жаңыча караган тилектештер чогулдук деп ойлойм.
Биз да байыркы Кытайдын кризиске бир жагынан коркунуч, бир жагынан жашыруун жаңы мүмкүнчүлүк катары караган улуу философиясынын маанисин так түшүндүк. Кытай эли биздин заманга чейин 500 жыл мурда жашаган Конфуций идеясы менен жашап келе жатат.
Биз саясатты, экономиканы, бардык тармактарды мүмкүнчүлүктөр катары карайбыз. Билим берүү тармагында дагы мүмкүнчүлүктөр пайда болду, биз ошону колдонушубуз керек. Бүгүнкү форум жаңы мүмкүнчүлүктүн башталышы болот деп эсептейм.
Планетада төртүнчү өнөр жай революциясы күч алды. Анын натыйжасында пайда болгон технологиялык жана социалдык өзгөрүүлөргө туруштук берүү үчүн өмүр бою билим алуунун зарылдыгы келип чыкты.
Азыр – печаттап басып чыгарып жаткан дипломдор эмес, көндүмдөр келечектин чындыгы болот. Стартаптар жана бизнестин жаңы моделдери – салттуу билим берүү мекемелерин жана учурдагы стандарттарды бузуп жатат.
Индустрия 4.0 моделинин талабы боюнча:
1. Адам өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу керек – төрөлгөндөн карыганга чейин билим алат.
2. Керектөөлөрдүн эволюциясы өзгөрдү – “окуучунун” талабы биринчи орунга чыкты – балага эмне керек? ошого окутуу зарыл.
3. Жаңы технологиялар жана бизнес моделдерине даяр болуу – мезгил талабы.
4. Баарынын башында – көндүм (навык) турат, анткени “Көндүмдөр ар кандай даражадан бийик”.
Булар менен бирге дүйнөдө технология эбегейсиз ылдамдык менен өнүгүүдө. IT адистери экономиканы багындырууда. 15 млн операцияны бир секундда жасаган кванттык компьютерлер келе жатат. Балдарды биз компьютер менен иштетүүгө үйрөтүшүбүз керек. Америкада үй кызматчы аял дагы компьютердик навыгы бар болсо, 98% жумуш таап кетет экен.
Бизде да дал мына мына ушундай болушу керек.
Президенттин Жарлыгы менен 5 университетке улуттук статус бердик. Бүгүнкү күнгө чейин жылыш жок. Баары эскиче. Биз дагы деле күткөнгө даярбыз, Каныбек Капашович, Эдил Жолдубаевич жакынкы айларда жыйынтык болбосо, экөөң баш болуп, 5 ректор баарыңар иштен кетесиңер.
Ушуга эле улай, илимий потенциалыбызды карап көрсөк, 5 миңге жакын илимпозу бар Илимдер академиясы туруп, жүзгө жакын жогорку окуу жайларыбыз бар болуп туруп, эл аралык басылмаларда, Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, болгону 150 эле макала чыкканы – таптакыр уят!
Балдарыбыз бакалавр деңгээлинде кенен билимдерди алып, анан адиске өтөт. Политехникалык университетте, айыл чарба университетинде – бүгүнкү күнгө чейин СССРдин колхоз-совхоздоруна, заводдоруна даярдалчу адистерди дагы деле окутуп жатат. Мен кайсы жаңы ишкананы ачпайын, кайсы ири долбоорду баштабайлы – бизде азыр квалификациялуу адистер жок, жетишпейт, инженерлердин баарын сырттан жалдап келип жатабыз.
Адам баласы дүйнөгө келгенден кийин, биз анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн андан беш бетер көбөйтүшүбүз керек. Билими менен өзүн-өзү багышы керек, үй-бүлөсүн жакшынакай кылып бага алганга навык алдырышыбыз керек.
Дүйнөлүк акыл-эс: өтө жакынкы аралыкта Жер планетасында адамдын саны 9 миллардга жетет, ал эми глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам 1,5 млрд адамдын ары-бери жылат, азык-түлүк жетишпейт; жасалма интеллект, роботтор ишке кирсе, 10 жылдын ичинде 1 млрд киши жумушсуз болуп каларын тынымсыз эскертип жатат.
Демек, турмуш аябай татаалдашып баратат, мындан ары да татаалдаша берет. Эгерде биз балдарыбызды кечээки анан бүгүнкү турмушка даярдасак, анда биз катуу жаңылыштык кетирген болобуз.
Урматтуу достор
Мен өлкөбүздө билим берүүнү реформалоонун алкагында көңүл бурууга тийиш болгон беш негизги багытты белгилегим келет:
Биринчиси: окуу программаларын эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайыкташтыруу. Мында мен окуу программаларын “адаптация кылыш керек” деп айттым, бирок “толук кайра карап чыгуу” керек деп айтсам туура болот. Билим берүү программалары заманбап дүйнөдө ийгиликке жетүү үчүн зарыл болгон технологиялык сабаттуулукту жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталышы керек. Жарым-жартылай чечим чыгарууга убакыт эбак артта калды. Адаптация процессин эчак эле башташыбыз керек болчу. Биз ар кандай программаларды пилоттук кылып, тигил же бул программаны карап, ар кайсы өлкөлөрдө жана конференцияларда жүргөнүбүздө: ийгиликтүү тажрыйбаларды кабыл алууда бир нече доорлор өзгөрдү. Бүгүнкү күндө биз эле эмес, өнүккөн өлкөлөр заманбап билим берүү системалары жасалма интеллекттин жалпыга жеткиликтүүлүгү боюнча даяр эместигине туш болуп жатышат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү мектептер жана университеттер үй тапшырмаларына, рефераттарга жана дилбаяндарга болгон мамилени толугу менен кайра карап чыгууда, анткени Chat GPT сыяктуу программалар бир нече секунданын ичинде эң жогорку сапаттагы тексттерди чыгарат. Сиздер барыңыздар жаңылыктардан доктордук диссертациялар ийгиликтүү корголуп жатканын, 100% бул чат-боттордон түзүлгөнүн уккан болушуңуздар керек.
Мен бул жерде отургандардан сурагым келет, катышуучулардын арасында “жасалма интеллекттин” өнүгүүсү жаатындагы акыркы жетишкендиктер боюнча маалыматы барлар, же жок дегенде бот-чаттарды ачкандар барбы? ...
Албетте, биздин жашоо чейин жана кийинге бөлүнгөнүн түшүнүшүбүз керек. Мен Билл Гейтстин акыркы макаласын кунт коюп окуп чыктым, анда ал "жасалма интеллекттеги" жетишкендикти компьютердин, интернеттин жана мобилдик байланыштын кеңири жайылышын ойлоп табуу менен салыштырган. Акыркы эки айдан бери президенттин администрациясы жана министрлер кабинетинде биздин бардык мамилебизди өзгөртүү, жашоонун жана мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндөгү өнүгүү жолдорун түшүнүү боюнча интенсивдүү иштерди жүргүзүлүп жатат. Жасалма интеллект боюнча улуттук комиссия түзүлүүдө.
Азыр биз “алдыңкы өлкөлөрдү этап-этабы менен кууп жетишибиз керек” деген идеядан баш тартышыбыз керек. Бул жолдо биз бир нече муундун чексиз артта калуусуна дуушар болуп жатабыз. Образдуу айтканда, адамзат космоско учуп жатса, биздин айрым “реформаторлорубуз” атчан унааларды өнүктүрөлү деп сунуштап жатышат. Жок, урматтуу кесиптештер. Бизде азыр бир гана жол бар – ал секирип өтүү. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич Жапаров биздин алдыбызга мына ушул өнүгүү милдетин коюп жатат.
Биз профессоналдык стандарттарды жайылтып, окуу мекемелеринин жана ишканалардын ортосунда тыгыз кызматташтыкты колдошубуз керек. Муну бир канча жолу айтып жатам.
Мен бул тууралуу буга чейин бир нече жолу айтканмын. Бизде инфраструктуралык да, финансылык да, илимий да ресурстар дагы эле чектелүү. Андыктан келгиле, күч-аракетти жана ресурстарды бириктирели, жаш окумуштууларыбызга жана студенттерибизге алардын потенциалын өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берели.
Экинчи: окутуунун сапатын жогорулатуу. Биздин мугалимдер – билим берүү тутумунун ийгилигинин негизи. Биз алардын адискөйлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришибиз керек. Окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү мугалимдерге окуучуларынын чыныгы насаатчысы болууга жардам берет. Плутарх айткандай: “Окуучу — толтурула турган идиш эмес, күйгүзүлө турган факел”. Ошондуктан урматтуу Каныбек Капашович биринчи кезекте биз жаңы педагогдорду даярдоого жана мурдагылардын адискөйлүгүн көтөрүүгө өзгөчө басым жасашыбыз керек.
Өткөн жылы урматтуу президентибиз өз сөзүндө мугалимдердин жаңы муунун чакыруу максатын койгон эле. Азыр айлык акыны, эмгек шартын көтөргөнүбүздөн кийин сөзсүз түрдө педагогикалык билимге ээ болбогон жогорку квалификациялуу жаштарыбыз мугалим болууга даяр жана алар керек. Ошондойлор мектепке келип, айылдарга, алыскы аймактарга барышсын, так илимдерди, чет тилдерди үйрөтүшсүн. Эки жумалык курс уюштуруп, аларга сертификат бериңиздер, биздин балдарды мыктынын мыктылары окутушсун. Өткөн жылы биз мектепти эң мыкты бүтүрүүчүлөрдү педагогикалык факультеттерге тапшыруу кампаниясын өткөргөнбүз. Натыйжа бар. Эгерде мурда медициналык, юридикалык, экономикалык факультеттерге кире албай калган бүтүрүүчүлөр педагогикалык факультеттерге тапшырышса, былтыркы айлык маянасы бир топ көтөрүлгөндөн кийин мугалимдик кесиптин кадыр-баркы өстү. ЖРТнын орточо деңгээли 183 баллга жогорулады.
Үчүнчү: инфраструктураны өнүктүрүү жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү. Жашаган жери жана социалдык-экономикалык статусуна карабастан бардык окуучуларды бирдей мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоо керек. Мен буга чейин жакынкы жылдары мектеп, бала бакча жана университеттердин жаңы корпустарын куруу боюнча активдүү иштер жүрөрүн айтып өттүм.бул милдетти министрлер кабинети менен Мамлекеттик курулушка коюңуздар. Билим берүү министрлиги окуу программаларын модернизациялап, бардык окуучулар үчүн заманбап маалыматтык технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыздашы керек. Президенттин чечими менен “Учкун” басмаканасын мектеп китептерин басып чыгаруу боюнча басмакана катары аныктадык. Каражат бөлүнүп, заманбап полиграфиялык жабдуулар сатылып алынып, орнотулуп бүттү. Мындан ары велосипедди кайра ойлоп таппайбыз, бирок дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу китептерин жана ыкмаларын киргизебиз.
Билим берүү министрлиги “Мектеп” басмасын жандандырып, Россиядан болсун, Англиядан, Сингапурдан болсун окуу китептерин биздин мектептерге ыңгайлаштыруусу керек.
Төртүнчү: билим берүүгө ийкемдүү мамилени жайылтуу. Биздин балдар дүйнөлүк эмгек рыногунда ийгиликтүү жана татыктуу атаандашуу үчүн алар тез өзгөрүп жаткан шарттарга ыңгайлаша билиши керек. Онлайн курстар, модулдук окутуу жана өмүр бою окутуу сыяктуу окуунун ийкемдүү формалары биздин жарандарга эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө жана алардын кызыкчылыктарына ылайык, өз жөндөмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Биздин ар бир бүтүрүүчү мамлекеттик тилди эркин билүүсү, орус тилин билүүсү өтө маанилүү. Жакынкы аралыкта биз англис тилин окутуу боюнча чоң программаны баштайбыз. Мектептерде жана ЖОЖдордо гана эмес - мунун өзү ийгиликтин милдеттүү шарты. Бирок мугалимдер, илимпоздор, мамлекеттик кызматкерлер, бизнес жана туризм өкүлдөрү да англис тилин үйрөнүшү керек.
Бешинчи: чыгармачылык жана сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу. Заманбап маалымат дүйнөсүндө маалыматтарды талдоо, негизделген чечимдерди кабыл алуу жана командада иштөө өзгөчө маанилүү. Окуучуларыбыздын чыгармачыл жана критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн биз окуу процессине долбоордук окутуунун элементтерин, кейс-методун жана талкуу форматтарын киргизишибиз керек.
Биргелешкен күч-аракет менен жогорудагы негизги беш кадамды ишке ашырууга жана өлкөбүздө билимдүү муунду жана күчтүү адистерди даярдоодо олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө болот.
Айрыкча, биздин өнөктөштөргө кайрыларым, дүйнөдөгү алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө чакырам. Бардык проблемаларды биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүк менен 5-10 жылда чечебиз, бирок силердин финансылык булактар, алдыңкы технологиялар, сыноодон өткөн такшалган тажрыйбалар, практикалар менен биз 3-5 жылда чечебиз деп ишенем.
Концепция жакшы талкууга алынып, жалпы улуттук келечегибиз үчүн эң мыкты инновациялар кирсин.
Пикир
Оставить комментарий