• 87.86
  • 93.94
  • 1

Баткенде 243 үй-бүлөгө социалдык жардам тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган 243 үй-бүлөгө "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аны облус башчысы Абдикарим Алимбаев тапшырып, соцжардам алуучулар аталган каражатты пайдаланып, ишкердигин ийгиликтүү ишке ашырып, өнүктүрүүнү каалагандарга ар тараптуу колдоо болорун билдирген.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында быйылкы жыл ичинде Баткен облусу боюнча 1 миң 97 үй-бүлөгө 100 миң сомдук социалдык жардам берүү каралган. Учурда анын ичинен 536 үй-бүлөгө берилди.

"Социалдык келишим” долбоору президенттин демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий