Акылбек Жапаров бир катар эл аралык каржы компанияларынын жетекчилиги менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтонго (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында ири эл аралык “Ситибанк” банкынын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташууну улантуу, каржы жана инвестиция тармагында мындан аркы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө ниетин билдиришти.

Сити Банктын жетекчилиги республиканын экономикасын өнүктүрүүгө жана финансылык туруктуулукту чыңдоого салым кошкон финансылык долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Сити Банктын ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн баштапкы чекит болорун белгилешти.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Rotschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушуп, каржы тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.

Жолугушууда финансы рыногун өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестицияларды стимулдаштыруу жана финансы секторун өнүктүрүүнү колдоо чаралары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана инвестиция тартуу үчүн Rotschild & Co сыяктуу алдыңкы каржы институттары менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Rotschild & Co директорлор кеңешинин мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд компаниянын Кыргыз Республикасы менен мындан ары кызматташууга, экономиканы модернизациялоого, каржы системасын жана тоо-кен тармагын чыңдоого салым кошкон долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар диалогду улантуу жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө ниетин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий