• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Оштогу билим берүү мекемелери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Ош шаарындагы билим берүү мекемелери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн мурун мэр Бакытбек Жетигенов бир катар билим берүү мекемелерине барып, жеринде жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.

Мэр №49 «Таң шооласы», №29 «Дарман», №62 «Каныкей», №60 «Арча Бешик» балдар бакчаларында жана «Келечек» балдардын чыгармачылык борборун кыдырды.

Аталган имараттарда жүрүп жаткан ремонттоо иштерин көрүп, бардык жумуштарды тийиштүү деңгээлде сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий