• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акылбек Жапаров Бишкектеги бир катар мекемелерди кыдырды

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Учурда сервердик бөлмөнүн курулуш-монтаждоо иштери, инфраструктуралык инженердик жабдуулар менен камсыздоо иштери аяктап калды.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева белгилегендей, Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борбору өлкөнүн санариптик трансформациясын ишке киргизүү, борборлоштурулган инфраструктурага өтүү, ишенимдүүлүк жана маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн бирдиктүү саясатты жүргүзөт. Долбоор ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун маалыматтык системаларын түзүүгө, модернизациялоого, эксплуатациялоого, IT системалары жана IT чечимдери боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашырууну тездетет.

Андан кийин минкаб төрагасы Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда аталган ведомствонун аймагында республикалык бюджеттин эсебинен жаңы имарат курулуп жатат.

Жогорудагы объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышкандан Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине архивдик маалыматтарды санариптештирүү, ошондой эле архив кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий