• 87
  • 90.63
  • 0.79

Акылбек Жапаров “Экономикалык керемет – 2030” экономикалык өнүгүүнүн жаңы стратегиясын жарыялады

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Акыркы 3 жылдагы жетишкендиктерибиз бизге оптимисттик маанай тартуулап, “Азия жолборстору” деп аталган Чыгыш Азиядагы ийгиликтүү өлкөлөрдүн жолу менен алга жылууга даярбыз. Ал эми түз мааниде жакынкы келечекте президент “Экономикалык керемет – 2030” жаңы стратегиясын жарыялайт, аны биз “Барстын секириги” деп да атайбыз жана ал жакынкы он жылдагы экономикабызды трансформациялоонун баштапкы чекити болуп калат. Биз 2030-жылга чейин ИДПнын деңгээлин 30 млрд АКШ долларына жеткирүү максатын койдук. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

Минкаб башчысынын айтымында, бул амбициялык максатка жетүү үчүн Кыргызстан олуттуу инвестицияларды тартууну жана экономиканы ири масштабдуу модернизациялоону пландаштырууда.

"РКӨФ бул жараянда маанилүү ролду ойнойт, ал энергиянын кайра жаралуучу булактары, өндүрүш кластерлери, соода-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана айыл чарбасындагы инновациялар сыяктуу артыкчылыктуу секторлордогу долбоорлорду каржылоого басым жасайт", - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле заманбап соода-логистикалык хаб жана кыргыз-орус технопаркын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

Минкаб төрагасы фонддун кыргыз-орус кызматташтыгы үчүн да, жалпы эле Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.

"Фонддун биринчи насыясы 2015-жылдын сентябрь айында берилген жана бүгүнкү күндө РКӨФ өлкөнүн бардык аймактарында жалпы суммасы 760 млн доллардан ашык суммага 3500дөн ашык долбоорду каржылады", - деди минкаб башчысы.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстандын өткөн жылдагы экономикалык олуттуу жетишкендиктерин, анын ичинде ИДПнын өсүшүн, мамлекеттик активдердин жана бюджеттин көбөйүшүн, ошондой эле көптөгөн жаңы өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ишке киргизилгендигин белгиледи. Ал өзгөчө Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун мааракесине арналган 25тен ашык долбоорду ишке ашырууга РКӨФнын кошкон салымын баса белгиледи.

Жыйынтыгында Акылбек Жапаров фонддун ишмердүүлүгүнүн жаңы артыкчылыктары аныкталганын билдирди.

"Биздин биргелешкен күч-аракетибиз максаттарыбызды ишке ашырууга жана орун алган кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет деп ишенебиз. Фонддун жетекчилиги жана кызматкерлери Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө багытталган бардык милдеттерди ийгиликтүү чечет деп ишенем", - деп минкаб башчысы сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий