• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Өкмөт кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн 1000 сомго чейин жогорулатты

Өкмөт 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн 900дөн 1000 сомго чейин жогорулатты. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Бул чечим 2019-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирет.

Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү акыркы жолу 2016-жылы көтөрүлгөн жана бир нече жылдан бери 900 сом деңгээлинде кармалып турган.

Кепилденген минималдуу кирешенин көлөмүн жогорулатуу жөлөк пул менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарды камтууну жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий