• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Этникалык кыргыздардын балдарын Кыргызстанда окутуу үчүн алып келишти

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова башында турган Өкмөттүк экспедиция кечээ 11-октябрда, Кыргызстанга Ооганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын балдарын алардын ата-энелеринин жана жакындарынын коштоосунда өлкөнүн билим берүү мекемелеринде окутуу үчүн алып келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, аталган иш чара Кыргыз Республикасы менен Ооганистан Ислам Республикасынын ортосунда мекендештерге колдоо көрсөтүү багытында сүйлөшүлгөн келишимдердин алкагында ишке ашууда.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 2-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ооганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардамды жеткирүү жана балдарды билим алууга ата-энелеринин туугандарынын коштоосунда алып келүү боюнча Өкмөттүк эспедиция жөнөткөн.

Медициналык дары-дармектерден, азык-түлүк, кийим-кечек жана жылуу төшөктөрдөн турган жалпы суммасы 7 млн сом болгон 60 тонна жүк Улуу жана Кичи Памирде жашаган мекендештерге жекирилди.

Өкмөттүк экспедиция Ооганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памирден Кыргыз Республикасына 6 үй-бүлөдөн турган 33 жаранды алып келди. Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Арасында чогуу келген кош бойлуу айым жана 1.5 жаштагы бала да бар, алардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Бардык Памирден келген этникалык кыргыздар жана алардын балдары Нарын облусунда жайгаштырылышат.

Этникалык кыргыздар Памирде деңиз деңгээлинен 4200-4500 миң метр бийиктик өрөөндө жашагандыктан, климаттык көнүү мезгилин өтүү үчүн Нарын облусуна келгенде 5-7 күн дарыгерлердин тынымсыз көзөмөлүндө болушат. Ошондой эле Нарын облусундагы райондук ооруканада алардын толук саламаттыгы текшерилет.

Андан ары балдарды окутуп уюштуруу боюнча иштер аткарылат. Балдардын ата-энелери үчүн ар кандай курстар уюштурулат.

Белгилей кетсек, бардык көчүп келген этникалык кыргыздарга окууну даярдоо үчүн жана аларды коштоп жүргөн жактар үчүн тийиштүү коомдук колдоолор көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий