• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли менен жолукту.

Жолугушууда тараптар макроэкономикалык абалды, андан тышкары энергетика тармакта жана климаттын өзгөрүшү боюнча кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Минкаб төрагасы республиканын учурдагы макроэкономикалык абалына кеңири токтолуп, салыктык башкарууну жакшыртуу сыяктуу бир катар координацияланган иштердин натыйжасында акыркы үч жылда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү орто эсеп менен 7%га жакын түзгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары, өзгөчө ири долбоорлорду ишке ашырууга, Камбар-Ата-1 ГЭСинин, ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маектешинин көңүлүн бурду.

Ал бул стратегиялык долбоорлордун масштабын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өсүшү үчүн потенциалдуу дивиденддерди эске алуу менен бул эбегейсиз долбоорлордун өзгөчө маанисин белгиледи.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу министрлер кабинети эки багытта иш алып барып жаткандыгын билдирди.

“Биринчиден, өзгөчө айыл чарбасында, климаттын өзгөрүшүнөн улам кыйратуучу кесепеттерди болтурбоо үчүн зарыл инфраструктураны куруу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруштук берүү. Экинчиден, экономиканын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, макрофинансылык системаны жана фискалдык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен финансылык туруктуулукту сактоо аркылуу жашыл экономиканын элементтерине акырындык менен өтүү”, – деди ал.

Өз кезегинде Бо Ли Кыргызстанда акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү региондогу эң алдыңкылардын катарына киргенин белгиледи. Ал глобалдык экономиканын учурдагы чакырыктары боюнча өзүнүн пикири менен бөлүшүп, Эл аралык валюта фонду жүргүзгөн программалардын алкагында кызматташууга дайым даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык бүгүнкү талкууланган маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий