Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетиши боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирүү жасады.
"Акылбек Жапаров алыска кеткен жок. Ал мындан кийин да президентке эң жакын адамы катары жардам берип, элибиздин жыргалчылыгы үчүн ак кызматын улантат. Бүгүн мен ага ыраазычылык сөздөрүмдү айткым келет", - деп жазган Байсалов социалдык тармактагы баракчасына.
"Садыр Жапаров президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин жетекчилигин ротациялоо тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечим өлкөнүн өнүгүшүнө жаңы темп берүү, мамлекеттик башкаруунун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стилин жаңылоо максатында кабыл алынды. Акылбек Жапаров эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылында топтолгон баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшүп, бүтүндөй бийлик вертикалын толугу менен кайра программалап, ишке киргизген мамлекеттик ишмер катары Кыргызстандын тарыхында калаары анык. Ал бардыгыбызды эффективдүү жана ак ниеттүү иштөөгө үйрөттү", - деп белгиледи Байсалов.
Байсалов кошумчалагандай, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган учурда өлкө көптөгөн бийиктиктерге жетише алды.
Пикир
Оставить комментарий