• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Акылбек Жапаров электр жабдууларын чыгарган "Нур" ишканасынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Нур» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, «Нур» ачык акционердик коомунун ишиндеги негизги багыт электр приборлорун чыгаруу болуп саналат, ал Россия Федерациясында да сатылат.

Компания жаңы технологияларды өздөштүрүп, анын ичинде электромобилдердин тетиктерин чыгарууну көздөп жатканы айтылды.

Министрлер кабинетинин башчысы өнөр жай ишканалары аймактын гана эмес, бүтүндөй республиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздап жаткандыгын белгилеп, ата мекендик ишканаларды колдоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Жалал-Абад шаарындагы Футбол академиясы курулуучу жерде болду.

Долбоордун алкагында эки футбол аянтчасы, жатакана, кийим алмаштыруучу жайлары бар трибуна, машыгуу залы курулат.

Акылбек Жапаров мындай долбоорлор ар бир облуста ишке ашырылышы керектигин айтып, спорт менен машыгуу өсүп келе жаткан муундун кулк-мүнөзүн тарбиялап, эркин бекемдеп, ден соолугун чыңдай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий