• 87
  • 90.44
  • 0.86

Акылбек Жапаров электрондук форматтагы биринчи ченемдик укуктук актыга кол койду

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу менен электрондук форматтагы биринчи ченемдик укуктук актыга кол койду.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мурдагы тажрыйбадан айырмаланып, ченемдик укуктук актыларды даярдоо жана бекитүү жалаң гана кагаз жүзүндө жүргүзүлсө, жаңы электрондук документ жүгүртүү процедураны кыйла тездетет жана жөнөкөйлөтөт. Бул чечимдерди кабыл алуу убактысын кыскартып, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар мурда электрондук документ жүгүртүүгө өтүшкөн, бул иш кагаздарын минималдаштырууга жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берген.

Бирок, ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу процесси буга чейин кагаз форматында калып келген. Биринчи электрондук укуктук актыларга кол коюу ченемдик укуктук актыларды даярдоонун жана кабыл алуунун бардык этаптарында электрондук документ жүгүртүүгө толук өтүүнү камсыз кылуу менен санариптик трансформациянын бул этабын аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий