• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Акылбек Жапаров Электрондук коммерция боюнча II эл аралык форумда сөз сүйлөдү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен почта кызматы жанданып, почтальон дагы бир жолу биздин замандын каарманына айланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан электрондук коммерция боюнча экинчи эл аралык форумдун ачылышында видеоконференция аркылуу билдирди.

“Бул маанилүү иш-чара электрондук соода тармагындагы алдыңкы эксперттерди, ишкерлерди, инвесторлорду жана новаторлорду чогултту. Министрлер кабинети сооданын бул перспективдүү түрүн өнүктүрүү боюнча чараларды көрүп жаткандыгын белгилегим келет. Анын чындап эле перспективдүү экендигин фактылар көрсөтүп турат. Insider Intelligence (Инсайдер Интеллидженс) маалыматында, 2025-жылга чейин, дүйнөлүк электрондук соода чекене сатуу 50% га өсүшү мүмкүн, ал 7,3 триллион долларга чейин, жалпы чекене сатуунун 24,5% түзөт. Бул 2021-жылы 4,9 триллион долларга салыштырмалуу жалпы чекене сатуунун 19,6% түзөт. Бул форум Кыргызстандагы электрондук коммерция компаниялары дуушар болгон акыркы тенденцияларды жана көйгөйлөрдү изилдөө жана талкуулоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле өлкөдө санариптештирүү тездетилген темп менен жүрүп жатканын, "жарандар керектүү документтерди өтө кыска убакыттын ичинде алышат же беришет" деп кошумчалады.

“Бул форум экономикалык интеграцияга карай дагы бир маанилүү кадам болот. Биз биргелешип биздин аймакта электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу жана атаандаштык чөйрөнү түзө алабыз. Баарына жемиштүү талкууну, жемиштүү жолугушууларды жана ийгиликтүү бизнес байланыштарды каалайм”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий