Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышууда

ЕАЭБ 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. ЕАЭБ алкагында кабыл алынган чечимдер бирикменин ар бир мамлекетинин өз ара пайдалуулугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш. Бул тууралуу Беларустун Несвиж шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы жыйындын катышуучуларын бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүгө багытталган Келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы менен куттуктады.

«Евразиялык экономикалык биримдик прогрессивдүү, ишенимдүү өнүгүү жолунда бара жатат. Муну бирикменин бардык деңгээлдеринде жүргүзүлүп жаткан кызуу иш далилдеп турат. Мындан бир ай мурун эле биздин мамлекеттердин лидерлери Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүп, интеграциялык күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн олуттуу түрдө талкуулашты жана биз быйылкы жылдын башынан бери экинчи жолу чогулуп жатабыз. Ошого карабастан биздин күн тартибибиз толук бойдон калууда. Биз жаңы чакырыктардын үстүндө талыкпай иштөөнү улантып жатабыз жана тышкы терс факторлорго карабастан, биргелешкен өнүгүү темпин басаңдатпайбыз. 2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча бардык өлкөлөрдө өнөр жай өндүрүшү жакшы динамикага ээ болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Биримдик боюнча орточо өсүш 105,6%ды түздү. Отчеттук мезгилде жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча өсүү темпи 109,5%ды, чекене товар жүгүртүү 110,3%ды түздү.

Көптөгөн башка тармактарда да оң динамика сакталууда. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүү темпи 107,4%ды түзүп, инфляциялык процесстер басаңдады – керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын декабрына карата 101,4%ды түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30%га өстү», - деп кошумчалаган ал, Кыргыз Республикасында бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун натыйжасында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн келип түшүүсүнүн өсүү темпи 2022-жылга салыштырмалуу 150,1%ды түзүп, 2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бажы кызматы былтыркы жылдын биринчи кварталына караганда 3 эсеге көп киреше бергенин билдирди.

Акылбек Жапаров тар чөйрөдөгү жыйында ар бир өлкө үчүн өтө маанилүү жана курч маселелер боюнча Комиссиянын тиешелүү министрлеринин баяндамалары угулганын айтып сөзүн улады. Ал бүгүн кабыл алынган чечимдер ар бир мүчө-мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн өз ара пайдалуулугун жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу керектигин баса белгиледи.

«Биринчиден, түзүлүп жаткан тышкы соода чөйрөсүнө таянуу менен, биздин өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы өнөр жай кооперациясын колдоо боюнча чараларды күчөтүү жана Биримдиктин алкагындагы тоскоолдуктарды жоюу аркылуу ата мекендик өндүрүштү жана керектөөнү стимулдаштыруу биздин артыкчылыктар болушу керек.

Экинчиден, Биримдиктин алкагында да, тышкы өнөктөштөр менен да соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти болуп транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү ташуу жана жүктөрдү ташуу үчүн оптималдуу маршруттарды камсыздоо саналат. Жогорку Кеңештин май айындагы жыйынында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров санариптик платформалар аркылуу тез ташууну камсыз кылуу максатында инфраструктуралык чектөөлөрдү, мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу жана контролдоочу органдардын ишин синхрондоштуруу боюнча Биримдиктин алкагында жана үчүнчү өлкөлөр менен ишти күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Макулдашылган транспорттук саясаттын алкагында транспорттук-логистикалык инфраструктуранын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн, мисалы, өз ара соодада товарларды өткөрүүдө биздин өлкөлөрдүн ортосундагы чек арадан өтүү убактысынын көрсөткүчтөрүн киргизүү максатка ылайыктуу көрүнөт.

Кыргыз Республикасы ошондой эле Биримдиктин ички чек араларында жана ички өткөрүү пункттары аркылуу товарларды өткөрүүдө контролдук-инспектордук иш-чараларды контролдоо чараларынын жана формаларынын бирдиктүү (толук) тизмесин түзүү жолу менен жөнгө салууну сунуштады.

Муну менен катар биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы аба ташуунун баасын төмөндөтүү боюнча жаңы чечимдерди табуу жөнүндө ойлонушубуз керек», - деген ал, жолугушууда ЕАЭБ алкагында климаттын күн тартибиндеги маселелерди жөнгө салууга болгон мамиле каралганын кошумчалады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жыйында ЕАЭБ алкагындагы климаттык күн тартибиндеги маселелерди жөнгө салуу боюнча Комиссия жана ассоциацияга кирген өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан иштелип чыккан ыкмалар каралды. Анын айтымында, көмүртек жана утилизациялык төлөм делгендер жашыруун, негизсиз басмырлоонун каражатына айланып, фискалдык функцияларды аткарууга жол бербеш керек. Ошону менен бирге жаратылыш кырсыктарынын жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча органдардын ортосунда координациялоону орнотуу зарыл. Натыйжалуу координация экологиялык жана экономикалык зыянды азайтат.

«Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларга келсек, биздин күч-аракетибиз айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологияларды жана өнөр жайда жана турак жай-коммуналдык чарбада энергияны үнөмдөөчү чечимдерди киргизүүгө багытталышы керек деп эсептейм. Энергетика жөнүндө айтсак, Биримдиктин жалпы энергетикалык рыногун калыптандырууну кечеңдетпөө керек. Энергетикалык ресурстарга жетүү маселелеринен тышкары, биз азыр акыркы керектөөчүлөргө жана максаттуу рынокторго товарларды тоскоолдуксуз жана үзгүлтүксүз алып өтүү үчүн бул ресурстарды биздин мамлекеттердин аймактары боюнча ташуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө киришүүбүз керек», - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкы жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу аймактарды өнүктүрүү институттарынын ишмердүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, насыялык портфелди диверсификациялоо, чакан экономикасы бар өлкөлөрдүн пайдасына гранттык компонентти көбөйтүү жана бизнеске атаандаштыкка жөндөмдүү насыя продуктыларын сунуштоо боюнча иштерди улантуу зарыл. Биримдикте кызматташууну каржылоонун жаңы механизмин киргизүүгө байланыштуу финансы институттары Комиссия менен бирдикте маалыматтык кампанияны күчөтүү жана кредиттөө шарттары боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн жер-жерлерге барууларды уюштуруу зарыл.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров биримдик өлкөлөрүнүн Ишкерлер кеңеши жана тармактык ассоциациялары менен биргеликте үчүнчү өлкөлөрдүн бизнеси менен диалог үчүн санариптик платформаларды киргизүүнүн үстүндө иштөөнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий