Акылбек Жапаров Евразиялык топтун 40-пленардык жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) кезектеги 40-пленардык жыйынына катышты.

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык топко мүчө-мамлекеттердин курамына дүйнөнүн эң динамикалуу өнүгүп жаткан аймактары кирерин айтып, Кыргызстан ЕАТтын ишмердүүлүгүнө активдүү катышарын билдирди.

“Мындай иш-чаралар биздин аймактын өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү. Биргелешкен аракеттер менен гана биз шек туудурган трансчек аралык финансылык агымдарга эффективдүү мониторинг жүргүзүп, өлкөдөн чыгарылган кылмыштуу активдерди аныктай алабыз. Бул, албетте, биздин мамлекеттердин финансылык коопсуздугун чыңдайт, мыйзамдуу сооданы кеңейтүүгө, ошондой эле инвестиция тартууга жана жалпы экономикалык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө түзөт”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал ошондой эле, 2021-жылдын январынан тартып мамлекет ак ниет башкаруу принциптерине жана коррупцияга каршы күрөшкө берилгендигин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө көрсөткөнүн, анын арты менен салыктан түшүүлөрдү үч эсеге, бажыдан түшүүлөрдү төрт эсеге көбөйтүүгө жетишкенин кошумчалады.

“Бүгүн өлкөбүзгө үмүттүн жана оптимизмдин жаңы доору келди. Биздин бардык эл аралык өнөктөштөрүбүз Кыргызстандын жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка жана өткөн жылдарда тамыры тереңдеп кеткен мафиялык-коррупциялык структураларга каршы күрөштөгү саясий курсунун бекемдигин моюнга алышууда. Министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын атынан Кыргызстан мындан ары эч качан биздин мамлекетти кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кандайдыр бир түзүмдөргө пайдаланууга жол бербейт деп жеке өзүм ишендирип кетким келет. Биз жакынкы үч жылда ФАТФ (Financial Action Task Force, FATF) системасында финансылык ачык-айкындуулуктун эң жогорку деңгээлине жетүүнү көздөп жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Евразиялык топко Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия , Тажикстан , Түркмөнстан, Өзбекстан сыяктуу тогуз мамлекет мүчө. Быйыл ЕАТтын түзүлгөндүгүнө 20 жыл толду. Отурум үстүбүздөгү жылдын 31-майында уланат.

Пикир

Оставить комментарий