• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Билим берүү министрлигине “Ай-Кьюнун” бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүү тапшырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Президенттин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Ай-КьЮ” окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттарды берүү боюнча ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, тиешелүү ыйгарым укуктуу жана укук коргоо органдарына бул иштерге жол берген адамдарды тез арада жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Ошондой эле мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында Билим берүү тутумунун лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, мындай чечим КР Конституциясынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды, анда ар бир жаран билим алууга укуктуу экендиги жазылган.

Мындан тышкары, БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө конвенциясынын негизги принциптерине ылайык, балдарга карата чечим кабыл алуу процесси бул чечимдин жеке балага тийгизүүчү мүмкүн болуучу таасирине (оң же терс) баа берүүнү камтышы керек.

Пикир

Оставить комментарий