• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2-августка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 2-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +32...+37, Талас облусунда +30...+35 Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл облусунда +27...+32 , Нарын облусунда +26...+31 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +34...+36 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий