• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ички иштер министринин орун басары иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 30-31-мартта Урмамбетов иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Иш сапардын алкагында министрдин орун басары облустагы бир катар милиция башкармалыктарга барып, алардын ишмердүүлүгү менен жеринен кабар алды.

Нөөмөт бөлүмдөрдү, жарандарды кабыл алуучу жайлар, ошондой эле убактылуу кармоочу изоляторлорду текшерип, аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча тапшырмаларды койду.

Бүгүн, 31-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында борбордук аппараттын кызмат жана бөлүм жетекчилери, шаардык-райондук милицияснын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өттү.

Кеңешмеде 11-апрель күнү боло турган Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүгө карата даярдыктар, кызматкерлер арасында мыйзам бузууну жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, кызматтык тартипти сактоо жана санариптештирүүнү ишке ашыруу багытында аткарылып жаткан иштер каралды.

Октябрь Урмамбетов ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан ротасынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий