Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин 100 жылдык мааракесине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Кыргыз Республикасынын финансы системасынын калыптануу тарыхы, заманбап тренддери жана өнүгүү артыкчылыктары" темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

Алгач министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн финансы системасын түптөөгө, калыптануусуна жана өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды 100 жылдык мааракеси менен мамлекет башчысынын жана жалпы министрлер кабинетинин атынан куттуктап, Финансы министрлигинин түптөлүү тарыхына учкай токтолду.

“Кыргыздар – уникалдуу эл. Соода-сатыкка илгертен көнүшкөн, алар өндүрүштү тездеткен. Академик Чормоновдун эмгегинде “Кыргызстанда 1913-жылга чейин ишканалардын саны беш жүздөн ашып, соода мекемелеринин саны төрт миңге жакындаган”. Октябрь революциясынан кийин 1918-жылы экономика жана финансы тармагын башкаруу үчүн алгачкы Улуттук экономикалык совет түзүлгөн. Андан кийин СССРдин курамында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасында Мамлекеттик пландоо комитети (Госплан) жана Финансы министрлиги түзүлгөн. Бүгүн 100 жылдыкты салтанаттуу майрамдап жатып, ушул аралыкта өлкөнүн финансы системасына кызмат кылган Сүйүнбаев Ахматбек, Токтоналиев Алиаскар, Кунакунов Керимжан сыяктуу адамдардын ысымын жогорку сыймык менен атап кетүүгө милдеттүүбүз. Бул инсандар мамлекетке кызмат кылуунун зор үлгүсүн көрсөткөн инсандар”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1991-жылдан кийинки өзгөрүүлөргө токтолуп, өлкөнүн ички дүң продукциясы 1991-жылы 100 млн сомду түзсө, 2024-жылы 1 трлн 400 млрд сомду түзгөнүн белгиледи.

“Өлкөдө акча-кредиттик саясат жана салык-бюджеттик саясат туура башкаруу жолуна түштү. Маселен, 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,8 млрд сомду түзсө, 3 жылдан кийин бюджеттин көлөмү 577 млрд сомго чыкты, ал эми 2024-жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 670 млрд сомго чыгат деп болжолдонду, дээрлик 400 млрд сомго көтөрдүк. Бюджеттин кирешесинин өсүүсү жарандардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча саясатты ишке ашырууга салмактуу негиз болуп берди”, - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле, мамлекеттик финансыны башкаруудагы натыйжалуу реформалар жана санариптештирүү, фискалдаштыруу, салыктык-бюджеттик жана бажы саясатындагы жаңы демилгелер, акционердик коомдорду, мамлекеттик ишканаларды капиталдаштыруулар мамлекеттин активдеринин өсүшүнө түрткү болгонун кошумчалады.

“Мамлекеттин активдери 2015-жылы 310 млрд сом, 2020-жылы 420 млрд сом болгон, же 5 жылда 1 жарым эсеге көбөйгөн. Ал эми азыр мамлекеттин активдери 824,2 млрд сомду түзөт, же 3 жылдын ичинде эки эсеге өстү. Мындай жетишкендиктерге саясий коррупциянын демонтаждалышы да себеп болду. Анын башкы “оорусу” – “Кумтөр” болчу. Кумтөрдөн алган дивиденддер – 1994-жылдан – 2021-жылдын майына чейин 100 млн доллар болсо, эки жарым жылдын ичинде 300 млн доллар пайда таптык. Кумтөрдөн салыктык ж.б. милдеттүү төлөмдөрдөн түшкөн киреше 2,5 жылда 710,8 млн доллар түштү. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата биз ушундай үзүрлүү иштерибизге таянып, “Кыргыз Республикасынын финансы секторунда жаңы доор башталды” деп ишенимдүү жарыялайбыз”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Илимий-практикалык конференцияга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык каржы уюмдары, ардагерлер катышып Финансы министрлигинин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын жана анын туруктуу каржы тутумун түзүүдөгү ролун талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий