• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров Германиядагы дарылануудан кийин жумушка чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядагы дарылануудан кийин жумушка чыкты. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 28-апрелде министрлер кабинетинин башчысы жүрөгүнүн оорусуна жана кан басымы төмөндөп кеткендигине байланыштуу М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Жүргүзүлгөн медициналык процедуралар миокард инфаркт оорусун тастыктаган эмес, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий