• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзбекстандык гимнаст Оксана Чусовитина 2024-жылдагы Олимпиадага катышууга ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. 46 жаштагы өзбекстандык гимнаст Оксана Чусовитина 2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпида оюндарына катышууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу спортчу өзү Өзбекстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин өкүлдөрү менен жолукканда айтканын Uznews басылмасы кабарлаган.

"Мен бул жөнүндө жакшылап ойлонуп, Азия оюндарынан кийин Париждеги Олимпиадага даярданам деген чечим кабыл алдым", - деген Чусовитина.

Ал ортодо ушул күндөрү Ташкентте өтүп жаткан Өзбекстандын спорттук гимнастика боюнча чемпионатында Чусовитина тирөөч менен секирүү программасында жеңүүчү болгону кабарланды.

Чусовитина былтыр Токиодо өткөн Олимпиададан кийин спорттук карьерасын жыйынтыктай турганын айткан. Бирок кийинчерээк Азия оюндарына даярдыктарды баштаганын билдирген.

Оксана Чусовитина Олимпида оюндарына сегиз жолу катышып, Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Пикир

Оставить комментарий