Акылбек Жапаров иш сапары менен Австрияга келди

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Австриянын Вена шаарына келди.

Жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышат.

Талкуунун негизги темасы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору болмокчу.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы форумда өлкөнүн презентациясы менен чыгып, республиканын гидроэнергетикалык потенциалына арналган пленардык жыйынга жана панелдик сессияларга катышат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, атап айтканда Австриянын европалык жана эл аралык иштер федералдык министри Александр Шалленберг жана Австриянын экономика жана эмгек федералдык министри Мартин Кохер менен жолугушат.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле европалык гидроэнергетикалык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий