• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Акылбек Жапаров иш сапары менен Ереванга келди

Өкмөт 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына (Армения Республикасы) барды.

Звартноц эл аралык аэропортунда министрлер кабинетинин башчысын Армениянын вице-премьер-министринин орун басары Мгер Григорян тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий