• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Акылбек Жапаров Исламабадда КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Пакистандагы жумуш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттин кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда минкаб башчысы Акылбек Жапаров КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цянды Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктап: "Кытайда “жакшы кошуна баа жеткис байлык” деген жакшы сөз бар. Биздин кошунанын майрамы-биздин да майрам, биздин да кубаныч", - деди.

Минкаб башчысы өз сөзүндө эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлине токтолуп, бул жылы болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлушу, андан кийин Бишкекте биргелешкен үч тараптуу компаниянын ачылышы, "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышы, "Жунда" мунай кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши сымал негизги окуяларды санап өттү.

Акылбек Жапаров өз ара соода активдүү өнүгүп, көрсөткүчтөр өткөн жылдын жогорку деңгээлинде гана калбастан дээрлик 20 миллиард АКШ долларды көрсөткөнүн кошумчалады.

Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян эки өлкө ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеп, эки тараптуу мамилени мындан дагы бекемдөө жана алдыга коюлган чоң максаттарга жетүү үчүн биргелешкен кадамдарды жасоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда минкаб башчысы эки тараптуу мамиледеги жетишкендиктер менен кошо алдыда аткарууга зарыл болгон иштерге да токтолду. Алсак "Бедел" өткөрмө пунктунун потенциалын күчөтүү үчүн "Барскоон-Үчтурпан-Аксу" автожолун куруу, "Торугарт" "Эркечтам" өткөрмө пунктарынын ишин оптимизациялоо, жаңы аба коридорлорун ачуу сыяктуу долбоорлорго көңүл бурду.

Ошондой эле МинКаб башчысы финансылык кызматташуу, анын ичинде банктар аралык кызматташтык, Кыргызстанда Кытай банктарынын филиалдарын ачуу, мамлекеттик баалуу кагаздарды Кытайдын акча бирдигинде чыгарууга көмөктөшүү туурасында бир катар сунуш пикирлери менен бөлүштү.

Ошондой эле тараптар кен байлыктарды иштетүү, энергетика, айыл чарба продукциясын экспорттоо, маданий-гуманитардык байланыш, туризм жаатындагы кызматташууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий