Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомдун эсебинен жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды.

Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу “Жол куруу башкармалыгы” муниципалдык мекемесинин курулуш иши менен таанышты.

Белгилүү болгондой, “Жол куруу башкармалыгы” муниципалдык мекемесин куруу долбоорунун суммасы 272,8 млн сом. Ага асфальт-бетон заводун жана таш майдалоо цехти куруу, бетон заводу, вибропресс, жол белгилерин даярдоочу цех, жол куруучу атайын техникаларды сатып алуу кирет.

Бүгүнкү күндө заводдун жабдууларын орнотуу үчүн 4,5 га жер аныкталып, жерди пландоо иштери жүрүүдө. Чийки зат базасы катары Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде 18,3 га аянтты ээлеген карьер жайгашкан.

Андан соң Акылбек Жапаров шаардын “Манас” спорт комплексин реконструкциялоо иштери менен таанышты. Максаттуу трансферт боюнча спорт комплексин реконструкциялоого жана пландаштырууга 70 млн сом жумшоо пландалууда. Учурда стадион эл аралык стандарттарга ылайык курулууда. Ошондой эле спорт комплексиндеги мейманкананы капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттын эсебинен ошондой эле Кербен муниципалдык базарын түзүү, парктарды реконструкциялоо, сейил бактарды оңдоо, суу менен камсыздоо жана канализация, бала бакча куруу, жолдорду оңдоо, шаардын интерактивдүү картасын иштеп чыгуу жана видеобайкоо камераларын орнотуу пландалууда.

Жыйынтыгында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик кызмат адамдарына бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланышын жана планга киргизилген иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий