• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Байсалов Кытай элчилигинде болуп, Цзян Цзэминдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, анда КЭР мурдагы төрагасы Цзян Цзэминдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китепчесине кол жазмасын калтырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинни басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелердин пайдубалын түптөгөн Кыргызстандын көрүнүктүү досу дүйнөдөн кайтты», - деп жазды Эдил Байсалов.

Кыргызстандагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарына элчиликке келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн мыкты өбөлгөлөр бар экендигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий