• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Марипов: Министрлер кабинетинин иши калктын турмушун жакшыртууга багытталган

Өкмөт 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин иши калктын турмушун жакшыртууга багытталган. Бул туурасында КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Улукбек Марипов Кадамжай шаарында убактылуу иш алып барып жаткан Калкты тейлөө борборунун иши менен тааны-шты.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүүнүн туура жолу тандалган этапта турат. Жолдор, каналдар, мектептер жана бала бакчалар куру-луп жатат. Ошол эле учурда биз калктын башка муктаждыктарын да эстен чыгарбайбыз. Жалпыңыздарга белгилүү болгондой, Баткен облусунун Баткен шаарында гана жалгыз Калкты тейлөө борбору иш алып барчу. Аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экендигин эске алуу менен Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында аталган борборлорду ачуу чечими кабыл алынды. Бүгүнтөн тарта Кадамжай районунун тургундарына өз аймагында тейлөө көрсөтүлөт», - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жакын арада Баткен облусунун көрүнүшү өзгөрүшү керек.

«Өлкө парламентине Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Бул чектеш айылдардын ыкчам темпте өнүгүүсүнө көмөк берет», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Кадамжай шаарындагы М.Нургазиев атындагы каналга барып, канал жээгиндеги бетон бордюрларынын курулуш долбоору менен таанышты.

Улукбек Марипов белгилегендей, дыйкандар сугат сууга жеткиликтүү болушу үчүн ишти тез арада баштоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий