Акылбек Жапаров Кардифф шаарында курулуш материалдарын чыгарган компаниянын башчысы менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кардифф шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында “Concrete Canvas” компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда ишкер Уилл Кроуфорд минкаб төрагасы Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясына “Concrete Canvas” компаниясынын заводунун ишмердүлүгү менен жеринде тааныштырып, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Мында жумшак композиттик бетон баракчалары чыгарылат. Тагыраагы мында чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагыннда колдонуунун натыйжасы жогору.

Белгилей кетсек, мындагы материалдар алдыңкы технологиялардын жардамы менен чыгарылып бардык талаптарга жооп берет. Учурда заводдон чыгарылган материалдар дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине экспорттолот.

Ишкерлер Кыргызстан менен тыгыз иштешүүгө кызыктар экенин айтып, Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даяр экенин билдиришти.

Өз кезегинде минкаб төрагасы Акылбек Жапаров инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго алаарын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада Кыргызстандын аймагында “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу мүмкүнчүлүгүн кароого жетишти.

Пикир

Оставить комментарий