• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Акылбек Жапаров: Кыргызстан ТМУнун алкагында жаңы демилгелерге даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) экономика жана соода министрлери менен жолукту.

Жолугушууда минкаб төрагасы ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, акыркы жылдары Кыргызстандын ТМУга мүчө-өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү дээрлик 62%га өскөнүн, анын ичинде экспорт 54,6%га, импорт дээрлик 66%га өстү.

“Биз туура багытта бара жатабыз, бирок ушуну менен токтоп калбашыбыз керек. Соода-экономикалык кызматташуунун жаңы жолдорун издөөнү улантуу зарыл”, — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн экономикалык потенциалын чыңдоо боюнча күч-аракеттерди мындан ары бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан уюмга мүчө-өлкөлөрдүн өнөктөштүгүн бекемдеп, өз ара өнүгүшүнө алып келе турган жаңы идеяларды жана демилгелерди талкуулоого даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлери уюмдун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий