• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу кабыл алууга катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын 75 жылдыгына арналган салтанаттуу кабыл алуу болуп, ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө минкаб башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан чогулгандарды бул даталуу күн менен куттуктап, Кытайдын уникалдуу маданиятын жана бай тарыхын белгиледи.

Ал Дэн Сяопиндин жетекчилиги астында Кытайдын ийгиликтүү модернизация жолун жана барган сайын көбүрөөк мамлекеттерди бириктирген “Бир алкак, бир жол” демилгесинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Минкаб башчысы ошондой эле жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалардын контекстинде Кытай тажрыйбасынын Кыргызстан үчүн актуалдуулугун белгиледи.

"Учурда Кыргызстанда кыргыз элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө. 1000 километрден ашык чек арага ээ болуп, экономикалык реформаларды жүргүзүп жаткандыктан, биз Кытай Эл Республикасынан да көп нерсени үйрөнүп жатабыз. Конфуцийдин бир жакшы сөзүн эске салгым келет: “Үч жол билимге алып барат: ой жүгүртүү жолу – эң асыл жол, тууроо жолу – эң жеңил жол, тажрыйба жолу – эң татаал жол”. Биз абдан татаал жолду, социализм менен капитализмге так бөлүнгөн доорду басып, рынок экономикасына өттүк. Эми экономикалык өнүгүүдө “илбирсттик секирикке” жетишүү үчүн Кытайдын модернизациялоо тажрыйбасынан үйрөнө алабыз”, - деди минкаб башчысы.

Ал “өзгөчө акыркы үч жыл кыргыз-кытай кызматташтыгында “бурулуш” болгонун” кошумчалап, 2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү дээрлик 20 миллиард долларга жеткенин белгиледи.

"Бедел өткөрүү пункту тарыхый жол жана экономиканын жаңы дарбазасы. Жакынкы келечекте бул эл аралык транспорттук-логистикалык коридорго айланат деп ишенем. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору биз үчүн абдан маанилүү долбоор. Биз үч тараптуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюу менен долбоордун саясий фазасын ийгиликтүү аяктадык. Жакында темир жолдун курулушу башталат", - деди ал.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишенимин билдирип, эки өлкөнүн биргелешкен аракети эки элдин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий