• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн ачык болууга чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукту, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров бул жолугушуунун негизги максаты болуп жаткан көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулоо экенин белгиледи.

“Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карабастан, акыркы эки жылда өлкөбүздө экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда, ага ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн салымы бар. Ар бир экономиканын кыймылдаткыч күчү ишкерлер экенин баарыбыз билебиз. Сиздердин ишканалар иш орундарын түзөт жана экономикалык өсүштү камсыздайт. Андыктан, министрлер кабинети сиздерде кандай көйгөйлөр бар экенин жана бул процессти жеңилдетүү, ошондой эле жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү үчүн мамлекет тарабынан кандай чараларды көрө алаарын билүү маанилүү”, - деген Акылбек Жапаров, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн мүмкүн болушунча ачык болууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан агроөнөр жай комплексин, электрондук коммерцияны, санариптик кызматты, энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ишкерлик кылгандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга багытталган бир катар сунуштар айтылды.

Ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү бизнести жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жагынан мамлекеттик органдардын сезилээрлик жардамын белгилешти.

Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрү тарабынан айтылган негизги маселелердин бири эмгек рыногунда компетенттүү адистердин жетишсиздиги жана негизинен кадр маселеси болду.

Бул боюнча Акылбек Жапаров, учурда адам капиталын колдоо министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет бизнесмендерди керектүү учурда ар тараптан колдоп берүүгө даяр экенин, мындан тышкары бажы жол-жоболорун, салык салууну, ошондой эле бардык мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү үчүн мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү процесси жүрүп жатканын белгиледи.

“Мамлекет “бутуна турду”, өлкөнүн экономикасы өнүгүүгө ишенимдүү багыт алды, биз бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын камсыз кылууга багытталган бизнес долбоорлоруңуздарды колдоого даярбыз”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий